Ысык-Көлдө кыш чыгаруучу заводдун курулушу каржыланды

БИШКЕК, 19-ноябрь. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тилекмат айылында кыш чыгаруучу заводдун курулушун каржылаганын билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы суммасы 6,5 миллион долларды түзөт. Завод бир суткада 200 миң кыш өндүрүүгө жөндөмдүү.

РКӨФ башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиковдун билдирүүсүнө караганда, заводдо 90 жумуш оруну түзүлөт, ал эми өлкө бюджетине жылына 15 миллион сомго чейин каражат түшүп турмакчы.

Related posts

Ички иштер органдары эми автоунаа каттап, айдоочулук күбөлүк бербейт

admin

Маск украиналык аскерлер акча үчүн канды булоонго ташталып жатканын айтты

admin

Шакиев Азербайжанга расмий сапар менен жөнөп кетти

admin

Комментарий