Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, 2 айдоочу каза болду. 9 адам ооруканада

17-декабрь күнү болжол менен саат 10:30 чамаларында Каракол — Түп жолунда, тактап айтканда, Михайловка айылына бурулган жерде жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 2 адам каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 9 жаран ар кандай жаракаттарды алып, облустук жана Түп райондук ооруканага жаткырылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Мазда-Хедос унаасынын 27 жаштагы айдоочусу Каракол шаарын көздөй бара жатып, жолдун тайгалагына байланыштуу каршы тилкеге чыгып кетип, Каракол-Балыкчы каттамында жүргүнчүлөрдү ташыган Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен эки айдоочу тең окуя болгон жерде каза болушкан

Related posts

Кыргызстандын бийлиги баалуу металлдарды тышка ташууга чектөө киргизди

admin

УКМК Вьетнам жарандарынын мыйзамсыз миграция каналын токтотту

admin

Бишкектеги таштандыларды электромобилдер менен чыгара башташты

admin

Комментарий