Ысык суу же жылуулук боюнча суроо жаралса кайда кайрылуу керек? Байланыш телефондор

“Бишкекжылуулуктармагы”-“Электр станциялар” ААКтын филиалы штаттык режимде иштеп жаткандыгын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, катуу суукта жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн кызматтар күчөтүлгөн режимде иштеп, кезметчиликтер уюштурулган. Жылуулук берүү мезгили башталган күндөн тартып 2023-жылдын 11-декабрына чейин жер төлөөлөрдөгү жылытуу системасында 348 бузулуу, ал эми батирлерде 496 бузулуулар катталган. Ишкананын кызматтары тарабынан арыздар, билдирмелер ыкчам түрдө иштелип чыгып, бузулуулар өз убагында четтелилип жатат.

Ысык суу жана жылуулук боюнча маселелер келип чыкса же авария учурларында Керектөөчүлөрдү колдоо борборуна кайрылса болот: (0312) 61-11-69, 1980, 0557 611166, 0777 611166, 0701 611166.

Диспетчердик кызмат: 56-85-58;

Үй ичиндеги системалар боюнча Борбордук райондун кезметчи инженерлери: 36-57-19, 30-07-67;

Үй ичиндеги системалар боюнча Түштүк райондун кезметчи инженерлери: 51-06-22, 21-74-06.

Related posts

КР УКМК: Ош облусунда Ош ОИИБ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын улук ыкчам кызматкери опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды.

admin

Колледждердин 25 окутуучусу инклюзивдүү билим берүү боюнча курстан өтүп жатат

admin

26-январда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий