«Замандаш» саясий партиясынын кезектеги XV съезди

Жакында «Замандаш» саясий партиясы кезектеги съездин өткөрүп, Уставына өзгөртүү киргизилди. Партиянын аймактардагы жана Бишкек шаарындагы мүчөлөрү съездин жүрүшүндө Уставга киргизилген өзгөртүүлөрдү бир добуштан колдошту. Жаңы Уставга ылайык партияны башкаруу түзүмү өзгөртүлүп, тең төрагалык институту киргизилди.

«Замандаш» саясий партиясынын буга чейинки ишмердүүлүгү боюнча маалымат берген партиянын төрагасы Өмүракунов Аскар Мухтарбекович көп жылдар аралыгында  саясий, коомдук чөйрөдө партия ийгиликтүү иштеп  келе жаткандыгын баса белгиледи. Белгилей кетүүчү жагдай, бул съезд партиянын 15 жылдык мааракесине туура келди. Өмүракунов Аскар 15 жылы аралыгында партия менен бирге болгон анын мүчөлөрүнө, съезддин делегаттарына ыраазылык каттарды тапшырып, атайын  даярдалган төш белгилер менен сыйлады.

Съездде “Замандаш” партиясынын тең төрагасы болуп Шамиев Рыскелди Ишенбаевич бир добуштан шайланды.

Related posts

Режиссер Геннадий Базаров 81 жаш курагында дүйнө салды 

admin

Центральный рынок Оша перенесут в другое место

admin

Кыргызстандын аймагында күн ачык болот

admin

Комментарий