ЗАМИР ИЛИПОВДУН КИТЕПТЕРИ ЖЕНЕВАДАГЫ КӨРГӨЗМӨГӨ КОЮЛАТ

Бул тууралуу Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева, бүгүн, Замир Илиповдун китеп жана сүрөттөр көргөзмөсүнүн ачылыш аземинде маалымдады. Рахат Керимбаеванын айтымында, быйыл, Швейцариянын Женева шаарында 193 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан “Манас жана Чыңгыз” көргөзмөсү уюштурулат. Ал ири иш-чарага Замир Илиповдун да китептери тандалып алынган.

Бүгүн, 2024-жылдын 12-апрелинде Кыргызпатенттин колдоосу менен Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк жана Улуттук күнүнө карата сүрөтчү-график Замир Илиповдун “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” аттуу альбом-китебинин бет ачары жана жеке көргөзмөсү болуп өттү. Көргөзмөгө автордун 120 эмгеги коюлган.

Графика жанрындагы чеберчилиги менен айырмаланган сүрөтчү “Комикс” китебинин ичиндеги сүрөттөрдү кенже класстагы балдарга ылайыкташтырып толугу менен тартып чыккан. Ал Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Алтын медалынын ээси. “Элдик казына — тарбиянын башаты” китебинин иллюстратору жана дизайнери, “Сонун Кыргызстаным” аттуу арт-долбоордун уюштуруучусу.

Иш-чаранын максаты – сүрөтчүлөрдүн, авторлордун инновациялык идеяларын колдоо, чыгармачылыгына өбөлгө түзүү болуп саналат.

Related posts

Активист Илгиз Шаменов “Азия Моллдогу” окуя боюнча милицияда сурак берип чыкты

admin

Байсалов Пакистан студенттеринин жатаканасына барып, бейбаштар үчүн кечирим сурады

admin

Астанада жүрүп бара жаткан автобустан аял кулап түшкөн. Жүргүнчүлөрдүн реакциясы таң калтырат

admin

Комментарий