Жүрөк кемтиги менен жабыркаган кыргызстандык 10 балага жыл сайын Кытайда операция жасалат

Кытайдан (Хэнань провинциясы) Кыргызстанга парткомдун катчысынын орун басары, «Сюнкэ» ооруканасынын вице-президенти Вэй Сян баштаган төрт дарыгер келди. Алар менен Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов, Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун директору Самудин Шабыралиев жолугушту.

Тараптар саламаттыкты сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын багыттарын, тактап айтканда, эки өлкөнүн адистеринин ортосундагы ар түрдүү профилдеги тажрыйба алмашууну талкуулашты. Бул жолугушуунун алкагында Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институту менен «Сюнкэ» ооруканасынын ортосунда жыл сайын жүрөгү катуу жабыркаган кыргызстандык 10 балага операция жасоо жөнүндө Меморандум түзүлүп, ошондой эле жыл сайын беш адамдан турган кыргыз дарыгерлеринин бригадасын Кытайга квалификациясын жогорулатуу үчүн окутууга жөнөтүү макулдашылган.

Related posts

Кыргызстандагы айрым банктар Орусиянын “Мир” банктык картасын тейлөөнү токтотту 

admin

УКМК: Келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн жалпы аянты 800 чарчы метр 9 батир жана 300 чарчы метр коммерциялык жайлар мамлекетке өткөрүлдү

admin

УКМК: Тилекмат Кудайбергенов Дубайдан кармалып, Кыргызстанга алып келинди — ВИДЕО

admin

Комментарий