Жүздөн ашуун өмүрдү алган жардыруу… Садыр Жапаров Ирандын президентине көңүл айтты

Садыр Жапаров теракттын кайгылуу кесепеттерине байланыштуу Ирандын президентине көңүл айтты.

«Керман шаарында болгон террордук актынын кесепетинен күнөөсүз адамдар курман болду жана жабыр тартты деген суук кабарды чоң кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасы терроризмди жана анын жалпы тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч туудурган бардык түрлөрүн кескин түрдө айыптайт.

Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жалпы боордош Иран элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм жана жабыр тарткандардын тез арада айыгып кетишин тилейм», — деп айтылат телеграммада.

Ирандын түштүгүндөгү Керман шаарындагы көрүстөндүн жанында болгон эки жардыруудан кеминде 103 киши набыт болуп, 170тен ашууну жарадар болгон.

Related posts

Депутат Эрулан Кокулов медиктерден кечирим сурады

admin

Чүйдө аялдар жатын жана эмчек рагын аныктоо боюнча акысыз текшерүдөн өтө алышат 

admin

УКМК: «Сапар Исаковго брондолгон унаа белек кылган Рамонов кармалды»

admin

Комментарий