Жаан-чачын күтүлбөйт. 16-январга карата аба-ырайы

Кыргызгидромет борбору бүгүн, 16-январда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен Чүй, Ош облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрди түзөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда -3…-8, Талас облусунда -6…-11, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -1…-6, Ысык-Көл облусунда 0…-5, Нарын облусунда -10…-15 градус суук болот.

Бишкекте абанын темпуратурасы -4…-6 градус болушу күтүлөт.

Related posts

ИИМ: Айтматов районунунда үрөй учурган үч адам өлтүрүү катталды

admin

МСК салык төлөөчүлөрдүн маалымкат алуусу тууралуу депутаттын билдирүүсүнө комментарий берди

admin

Токмокто зордукталып, төрөгөн 13 жаштагы кыз. Өкүм 4 жылдан бери чыга элек 

admin

Комментарий