Жаан — чачын күтүлбөйт. 8-августка карата аба- ырайы

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бугүн, 8-сентябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Ысык-Көл, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +28…+33, Талас облусунда +27…+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30…+35, Ысык-Көл облусунда +25…+30 жана Нарын облусунда +26…+31 градус ысыйт.

Ал эми Бишкек шаарында +30…+32, Ошто +33…+35 градусту көрсөтүп турат.

Related posts

Түркияда айына 2 миң доллар алган чабандар TikTok жок иштебей жатышат

admin

Кадамжай-Тамаша жолу селден улам жабылганы кабарланууда. Видео

admin

Абитуриент -2022. Кесиптик орто окуу жайларга кабыл алуу башталды

admin

Комментарий