Жаан жаайт. 10-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Бүгун 10-сентябрда Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшөт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт. Ош жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20,

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21.

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +22…+24 градус болот.

Related posts

21-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Ак-Кула ипподрому кайрадан аукционго коюлду

admin

Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан бошотулду

admin

Комментарий