Жаан жаайт. 31-мартта күтүлгөн аба ырайы

31-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Ысык-Көл, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20,

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +8…+13 градус.

Бишкек шаарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +15…+17 градус болот.

Related posts

Нурланбек Шакиев Улуу Британияга барды. Аны кимдер коштоп кетти?

admin

Кыргызстандын жарандыгына 2370 адам кабыл алынды

admin

Жолдо ваннада жатып алып, шарап ичкен казак блогерин 15 суткага камашты

admin

Комментарий