Жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшөт. 16-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

16-мартта түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшөт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +7…+12,

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +13…+18,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12,

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8.

Бишкек шаарында мегил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +8…+10 градус болот.

Related posts

Садыр Жапаров Балыкчыда Кызыл Омпол кени тууралуу сөз кылды (сүрөт)

admin

Мидин уулу Канатбек Дин иштери боюнча мамкомиссиянын директорунун орун басары болду

admin

Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда тандоо боюнча шайлоо бюллетендери даярдалды

admin

Комментарий