Жаан жаашы мүмкүн. 12-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

12-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун бир катар аймагында жаан жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт, туман түшөт. Тоолуу аймактардагы жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +5…+10,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +4…+9,

Баткенде түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9.

Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +7…+9 градус болот.

Related posts

КР УКМК: Баасы 1 млрд. 79 млн сомдук мурдагы Нарын темир-бетон заводу жана Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан жалпы аянты 6,6 га болгон кум карьери мамлекетке кайтарылды

admin

Бишкектин бир катар мектептеринде бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөнү айтылууда 

admin

Өкмөт Кыргызстанга инвестор тартуунун дагы бир жолун тапты

admin

Комментарий