Жаан жаашы мүмкүн. 2-августка карата аба-ырайы

Бүгүн, 2-августта Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу ӨКМден билиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +31…+36, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32…+37, Талас облусунда +29…+34, Ысык-Көл облусунда +23…+28 жана Нарын облусунда +25…+30 градус болору күтүлүүдө.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +33…+35, Ош шаарында +34…+36 градуска көтөрүлөт.

Related posts

Кыргызстан паспортторду өзү басып чыгара баштады

admin

Көчмөндөр ааламын иликтеген архитектор Ороз Байгожону эскерүү кечеси өттү

admin

Акыйкатчы Камил Рузиевге карата кылмыш ишин козгоо уланып жатканына тынчсыздануусун билдирди

admin

Комментарий