Жайыл райондук сотунун мурдагы аппарат жетекчиси пара алгандыгы үчүн кармалды

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Сот системасынын кызматкерлеринин арасындагы коррупцияны аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине Жайыл райондук сотунун судьясы жана мурдагы аппарат жетекчиси Д.А.К.нын мыйзамсыз аракеттери тууралуу маалымат келип түшкөн.

2023-жылдын ноябрь айында аталган адамдар алдын ала сүйлөшүп алып, соттолуучу А.Д.М. аттуу жарандын бир тууганы Ю.М.М. аттуу жарандан соттун оң чечимин чыгарууга жардам берүүнү убада кылып, 10 миң АКШ долларын опузалап талап кылгандыгы аныкталган.

2023-жылдын ноябрь айында Ю.М.М., Д.А.К.га А.Д.М.нын иши боюнча оң чечим кабыл алуу үчүн макулдашылган сумманын бир бөлүгү катары 480 000 сом берген. Бирок, алар каалаган өкүм чыгарылган эмес жана айыпталуучу соттолгон.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында А.Д.К. кармалып, КР Министрлер Кабинетинин алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 тергөө абагына киргизилди.


Related posts

Өкмөт мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча токтом чыгарды. Чоо-жайы

admin

Кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

admin

Сузактагы кырсык Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүнө алынды

admin

Комментарий