Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучусу 50дөн ашык алдамчылык фактысы боюнча кармалды

Манас шаарында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педагогикалык факультетинин окутуучусу К.З.А. системалуу түрдө алдамчылыкка шектелип кармалды.

Кармалган жаран кызматтык абалынан пайдаланып, абитуриенттерди адаштырып, сырттан окуу бөлүмүнө тапшыртып, андан соң экзамендерди ийгиликтүү тапшыруу менен мамлекеттик үлгүдөгү диплом берем деп убада кылганы аныкталган.

Кызмат көрсөтүүлөрү үчүн алдамчы мезгил-мезгили менен жабыр тарткандардан окуу акысын төлөө жана семестрлерди “жабуу” үчүн акча алып турган.

Учурда тергөө тарабынан кармалган окутуучунун акыркы 5 жыл ичинде жасаган ушул сыяктуу 50дөн ашык алдамчылык фактысы аныкталды.

КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы аталган К.З.А.нын иш-аракеттеринен жабыркаган жарандар болсо, (03722) 5-60-49 жана (0556) 06-18-83 телефондору аркылуу кайрылууну суранат.

Related posts

Климатолог январдын жылуу болушунун бир себебин айтты

admin

Кыргыз-тажик чек арасы: Өкмөттүк топтордун Бишкекте жолугушуусу өтүп жатат

admin

Бир түндө унаа башкарган 31 мас айдоочу кармалды

admin

Комментарий