Жалал-Абадда 26 жаштагы келин өз жанын кыйды. Жакындары экспертизадан баш тартышкан

6-февраль күнү саат 20:30 чамасында Токтогул районунун тургуну 1997-жылы туулган келин белгисиз себептерден улам өзү жашаган үйдөгү сарайдын ичиндеги жыгач тосунга пресс жип менен муунуп каза болгон. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Бул окуя Токтогул РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, текшерүү иштери башталган. Каза болгон келиндин өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бирок жакын туугандары жансыз денени экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкандыктан, акт түзүлгөн.

Азыркы учурда келиндин эмне себептен өз өмүрүнө кол салгандыгынын себептерин аныктоо максатында ыкчам иштер жүргүзүлүүдө.

Related posts

Жаан жаап, тоолорго кар түшөт

admin

Өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата мамлекеттик тууну көтөрүлдү

admin

Телефонду шымына катып. Бишкекте чөнтөк ууру кармалды (видео)

admin

Комментарий