Жалал-Абадда 870 ипотекалык батир май майрамдарынан кийин берилет

Жалал-Абад облусунда май майрамдарынан кийин 870тен ашык ипотекалык үй жарандарга берилет. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгы билдирди.

Мамлекеттик ипотекалык компанияда өткөн жыйында президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев буга чейин «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу турак жай алуу үчүн арыздарды берүү мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу милдети коюлганын эске салды. Учурда бул МИКтин порталы аркылуу жүргүзүлүүдө. Туманбаев ишти тездетүүнү талап кылды.

«Бардык техникалык иштер аяктады. Жакын арада жарандар Tunduk тиркемеси аркылуу тез жана ыңгайлуу түрдө арыз бере алышат», — деди «Кызмат» ишканасынын директору Урматбек Камбаров.

Ал эми Туманбаев бардык процесстер жарандар үчүн ачык жана түшүнүктүү болушу керектигин белгилеген.

Related posts

Бишкектеги соода борбордун эскалаторуна наристе кыпчылып калды

admin

Садыр Жапаров: «Кыргыз-монгол мамилелеринин потенциалы эми гана ачыла баштады»

admin

Бишкекте жашы жете элек кыз сойкулукка мажбурланган. 23 жаштагы кыз кармалды

admin

Комментарий