Жалал-Абадда мейманкананын алдында болгон мушташ боюнча 4 жигит кармалды

Жалал-Абад милициясы мейманкананын алдындагы ызы-чууга байланыштуу 4 шектүүнү кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Жалал-Абад ШИИБдин «102» кызматына 10-ноябрга караган түнү саат 03:40 чамасында Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринин алдында бир топ балдар мушташып жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн.

Жалал-Абад ШИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге кароо жүргүзүп , далил буюмдар алынып, тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлө баштаган.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Кылмышка шектүү катары Жалал-Абад шаарынын тургундары 2002-жылы туулган И.С., Т.Э., 2003-жылы туулган З.Р. жана 2004-жылы туулган К.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусу менен айыбын угузуу беренеси өзгөрөт. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Related posts

УКМК: Мурда мыйзамсыз жол менен жеке менчикке чыгарылган бала бакча мамлекетке кайтарылды

admin

Түркияда массалык жол кырсык болуп 10 адам каза болду. Буга туман себеп болушу мүмкүн

admin

Кыргызстанда айрым абоненттер үчүн электр энергиясынын тарифи көтөрүлдү

admin

Комментарий