Жалал-Абадда мектептин 2-кабатынан секирген окуучу кыз. Мугалим үн катты

Жалал-Абадда окуучу кыз мектептин 2-кабатынан секирген. Жалал-Абад ОИИБден тастыкташкан. 10-октябрь күнү Жалал-Абад ШИИБге 1991-жылы туулган аял киши арыз менен кайрылып, 11 жаштагы кызынын телефонун мугалим алып койгондуктан мектептин 2-кабатынан секирип жибергендигин билдирген. Кесепетинен окуучу кыздын сол буту сынып, Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылган.

«Турмуш» жазгандай, окуя №14 Сатыбалды Давлетов атындагы мектеп-лицейинде 10-октябрь күнү саат 18:00 чамасында болгон. Мугалим Элиза Сатарова окуя боюнча үн катты.

«Кыздардын колундагы телефонун байкап калып, алып койгом. Сабак жазышып, жакшы эле отурушкан. Сабактын экинчи бөлүгүндө болуп кетти бул окуя. Мен балдарга теманы түшүндүрүп берип, эми эле бурулайын деп жатканда тездик менен болуп кетти. Кыздын колун эле көрүп калдым. 30 секундга жетпеген убакытта эле чуркап чыктым. Кыз жерде жатыптыр. Ошол жердеги күзөтчү, мугалимдер келди. Ошол жерде отургучта отурдук. Ал учурда кыз эс-учун жоготкон жок. Дароо Тез жардам чакырылды», — деди ал.

Related posts

Ысык-Көл облусунда мурдагы «Электр-техникалык заводдун» имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды

admin

КР УКМК: Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.А. акча каражаттарын пара катары берүү учурунда кармалды

admin

УКМК: Токтогул районунда жергиликтүү тургундар өзгөчө ири өлчөмдө баңги затын жасагандар аныкталды

admin

Комментарий