Жалал-Абадда рейдерлик жол менен жер тилкелерин басып алууну уюштурган белгилүү «шылуун» Абдулла Юсупов кармалды

 Юсупов Абдулла аттуу жарандын мыйзамсыз иш-аракеттери тууралуу ыкчам маалыматтар келип түшкөн. Ага ылайык, буга чейин мародерчулук, талап-тоноо, курал-жарактарды жана баңгизаттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон, 1982-жылы туулган КР жараны Юсупов Абдулла өзүнүн мыйзамсыз иштерин ишке ашыруу үчүн, КР Президенти С.Н. Жапаров жана КР министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары К.К.Ташиев менен байланышы бардыгын айтып, Сузак районунун бай жарандарынын ишенимине кирип, аларга тиешелүү жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алып, үчүнчү жактарга кайра сатып жүргөн.    
   Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында маалым болгондой, Юсупов Абдулла, КР УКМК тарабынан боло турган текшерүү-тинтүүлөрдү жолотпоо үчүн кепилдикти убадалап, ири жер тилке ээлерине жерлерин тез аранын ичиде өзүнө өткөрүп берүүгө мажбурлап, кайра ошол жерлерди базар баасында үчүнчү жактарга сатып жиберип, сатуудан тушкөн акчаларды өз кызыкчылыгына иштеткен.
   Үстүбүздөгү жылдын 24-июнунда Юсупов Абдулла жана анын шериктери – Х.З.А. жана Т.М.Ф. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Юсупов Абдулланын жашаган жеринен тинтүү учурунда баңгизаты, ошондой эле жарандардын жер тилкелерине укук белгилөөчү документтери табылып, алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
   КР УКМК Абдулла Юсуповдун алдамчылык схемасынын курмандыгы болгон, жабыр тарткан жарандар болсо КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын ишеним телефонуна (WhatsApp – 0995 012210) чалууну өтүнөт.

Related posts

Айыл чарба министрлиги ичтеги дана сырттагы жарандарга кунарсыз жерлерди өздөштүрүнү сунуштайт

admin

Ташиев Абхазия жана Армениядан алынып келген автоунаа ээлери менен жолугушту.

admin

Садыр Жапаров: «Кемпир-Абадды 70 жылдан бери Өзбекстан башкарып келген, эми чогуу башкарабыз» 

admin

Комментарий