Жалал-Абадда сел жүрдү 

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Аксы жана Чаткал райондорунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 9-августта саат 19:00дөр чамасында жааган жаандын кесепетинен Терек-Сай айыл аймагындагы Кызыл-Токой айылында сел жүрүп, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 20-25-чакырымында жол каттамдар убактылуу жабылган. Мындан сырткары, аталган айылда жайгашкан 4 сарайга сел суулары кирген.

Ошол эле күнү саат 20:30–21:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Өрүктү айыл аймагындагы Өрүктү-Сай айылында сел жүрүп, 4 турак үйдүн мал сарайларына суу кирип, 1 турак үйдүн жер төлөсүнө суу толгон. Ала-Бука – Өрүктү-Сай унаа жолун жууп, каттамга тоскоолдук жаралган. Учурда жол каттамы ачык.

Жеринде ӨКМден кызматкерлери жана атайын техника иш алып барууда.

Related posts

Шамалдын кесепетинен унаага бак куласа ким жооп берет? Юристтин жообу

admin

КР УКМК: Бишкек шаардык сотунун судьясы жана анын жубайы кармалды

admin

13-январга карата доллардын курсу көтөрүлүп, күйүүчү май арзандады

admin

Комментарий