Жалал-Абадда сел жүрдү 

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Аксы жана Чаткал райондорунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 9-августта саат 19:00дөр чамасында жааган жаандын кесепетинен Терек-Сай айыл аймагындагы Кызыл-Токой айылында сел жүрүп, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 20-25-чакырымында жол каттамдар убактылуу жабылган. Мындан сырткары, аталган айылда жайгашкан 4 сарайга сел суулары кирген.

Ошол эле күнү саат 20:30–21:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Өрүктү айыл аймагындагы Өрүктү-Сай айылында сел жүрүп, 4 турак үйдүн мал сарайларына суу кирип, 1 турак үйдүн жер төлөсүнө суу толгон. Ала-Бука – Өрүктү-Сай унаа жолун жууп, каттамга тоскоолдук жаралган. Учурда жол каттамы ачык.

Жеринде ӨКМден кызматкерлери жана атайын техника иш алып барууда.

Related posts

Сузакта бир нече жолу унаадагы жигитке ок атылган. Шектүү кармалып, кылмыштуу топту колдобой турганын айтты

admin

Таштандыдан ымыркайды таап алган Пакистандык окуучу сыйланды

admin

Депутат Жаныбек Абиров кафенииин кызматкери менен мушташты

admin

Комментарий