Нөшөрлөп жааган жаандан кесепетинен Жалал-Абад шаарында жайгашкан ички арыктарга сел суулары толуп, үйлөрдүн короолорун жана көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсүн суу каптады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жерине Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси баштаган өздүк курам жана шаардык жарандык коргонуу кызматтары тартылып, сел сууларды мотопомпанынын жардамында сордуруп, коопсуз жайга алып чыгуу иштери жүрүүдө.