Жалал-Абадда жер көчкү түшүп, бир үй-бүлө көчүрүлдү

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагына караштуу Чкалов айылында жер көчкү түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине башкармалыктын башчысы, Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери, райондук жарандык коргонуу кызматтары тартылып, тактоо иштери жүргүзүлдү. Натыйжада аталган аймакта 7000 куб жер көчкү түшкөндүгү аныкталып, 1 турак жайга кооптуулук жаралган. Аталган үй-бүлө жергиликтүү бийлик тарабынан берилген эскертменин негизинде көчүрүлгөн.

Мындан сырткары көчкү түшкөн аймактын айланасында 250 метр узундукта 20-25 сантиметр жаракалар бар экени аныкталып, жергиликтүү тургундардын жер көчкү боюнча кооптуулукту алдын алуу жана кооптуулук жараткан жайыт жерлерге мал багууга, эгин экпөөгө (жерди айдообого) тоюут жыйнабоо боюнча жергиликтүү бийлике эскертүү берилди.

Базар-Коргон району боюнча 98 үй-бүлө кооптуу аймакта күн өткөрүп келишүүдө, анын 9у ушул айылда жайгашкан.

Related posts

20-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Сириядан 99 кыргызстандык алып келинди. Алардын 71и балдар

admin

«Ая, айыгып кет». «Город 312» тобунун жаңы ырчысы сахнада ага арнап ырдады

admin

Комментарий