Жалал-Абадда жер титиреди

Жалал -Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө күн мурун, 1-мартта саат 17:50дө катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Аксы районунун Кызыл-Жар, Жыл-Коо айылдарында 3 баллга чейин, Аксы районунун Кум, Таш-Көмүр шаарынын Теңдик айылдарында, Шамалды-Сай шаарчасында 2,5 баллга чейин сезилген.

Такталган маалыматтарга таянсак, жер титирөөлөрдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Related posts

«Чегине баратабыз». Батышта жакындаган коркунуч туурасында коңгуроо кагылууда

admin

Садыр Жапаров Рахим Ага Хан ханзааданы кабыл алды

admin

Путин: «Орешник» өзөктүк куралды колдонуу зарылдыгын азайтат

admin

Комментарий