Жалал-Абаддагы башкы балатынын жанына жардыруучу зат орнотмокчу болгон шектүүлөр кармалды

Жалал-Абадда терактка даярдык көрүү иши токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Терроризмге каршы көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, 25-декабрда Жалал-Абад шаарынын аймагында “Ислам мамлекети – Вилаят Хорасан” эл аралык террористтик уюмунун жашы жете элек мүчөлөрү 2007-жылы туулган Р.М.Р. жана У.М.Т. кармалган.

Бул балдар аралыктан интернет аркылуу “ИМ-ВХ” уюмдун катарына кошулуп, чет элдик уюмдун эмиссарларынын көрсөтмөсү менен Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтындагы башкы балатынын жанына колго жасалган жардыруучу түзүлүштү орнотууну пландашкан, ошондой эле Жалал-Абаддагы «Успение Пресвятой Богородицы» чиркөөсүнө террордук чабуулду жана куралдуу кол салууну уюштурууну көздөп жатышкан.

Алынган мобилдик телефондорду текшерүүдө теракт даярдоонун далилдери, уюмдун эмиссарлары менен кат алышуу, иш-чаралардын планы жана колго жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү жасоо боюнча нускамалар, ошондой эле “ИМ-ВХ” уюмунун жетекчисине ант берүү видеотасмалары табылган.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 252-беренесинин 1-бөлүмүндө (террордук акт) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, №53 жашы жетпегендер үчүн тергөө абагына киргизилген. Тергөө уланууда.

Related posts

Райымбек Матраимов УКМКга жеткирилди

admin

19-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

«Рух Ордодо» комуздун формасында эң чоң пирс салынып жатат. Өлкө башчысы суроо салды

admin

Комментарий