Жалал-Абаддын тургуну мамлекетке чыккынчылык кылгандыгы үчүн 7 жылга соттолду

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, аныкталгандай КР жараны Жалал-Абад шаарынын тургуну И.С.С. чет мамлекеттик атайын кызматтын пайдасына тыңчылык жасагандыгы ачыка чыгып, кармалды.

Белгилүү болгондой, И.С.С. 2005-жылы чет элдик атайын кызмат тарабынан жалданып, узак убакыттар бою алардан акчалай сыйлыктарды алуу менен бирге, өз өлкөсүнүн коопсуздугуна зыян алып келүүчү ишмердүүлүгүн жүргүзгөн. Алсак, чет элдик чалгындоо кызматынын тапшырмасына ылайык И.С.С., КР айрым жарандарын ар кайсы шылтоолор менен өлкө аймагынан сыртка алып чыгып, андан ары ал жарандар чет өлкөлүк күч түзүмдөрү тарабынан ар түрдүү кылмыштарга байланыштуу негизсиз айыптоолорго дуушар болушкан.

Мындан сырткары, тергөөнүн жүрүшүндө И.С.С. Жалал-Абад шаарындагы өзүнүн турак жайын чет элдик атайын кызматтын кызматкерлеринин жашыруун жолугушууларды уюштуруу боюнча көмүскө жайына айлантканы аныкталган.    Ошондой эле, чет мамлекеттик атайын кызматтардын тапшырмасы боюнча ал өлкөнүн жогорку даражалуу кызмат адамдарынын аймакка болгон иш сапарлары боюнча маалыматтарды (программасы, жол жүрүү каттамдары ж.б.у.с.) чогултуп, жөнөтүп турган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгүндө (Мамлекеттик чыккынчылык) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен И.С.С. күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 7 жылга эркинен ажыратылды.

УКМК Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик чыккынчылык өзгөчө оор кылмыш катарына кирээрин эскертет, анткени ал өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнүн негиздерине жана улуттук коопсуздугуна каршы багытталган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жарандарды сак болууга жана чет мамлекетке кирүү учурунда Кыргызстандын жарандарын чет өлкөлүк атайын кызматтардын, анын ичинде эл аралык, бейөкмөт жана коммерциялык уюмдардын көмөгү астында иштегендердин мыйзамсыз аракеттерине тартуунун мүмкүн болгон бардык учурлары жөнүндө улуттук коопсуздук органдарына токтоосуз билдирүүгө чакырат.

Related posts

28-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

КР УКМК: Раззаков шаарындагы 226 млн.44 миң сомдук кыш чыгаруучу завод ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды

admin

КР УКМК: Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз чыгарылган өнөр жай объектилери жана жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

Комментарий