Жалпы республикалык тестирлөө 20-майда башталат 

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн 2023-жылы абитуриенттерге Жалпы республикалык тестирлөө 20-майда баштала тургандыгын билдирди.

Төмөндөгүдөй график менен өткөрүлөт:

I этап: 2023-жылдын 20, 21-майында (19-май – тест борборлорун даярдоо күнү);
II этап: 2023-жылдын 23, 24-майында (22-май – тест борборлорун даярдоо күнү);
III этап: 2023-жылдын 23, 24-июнунда — Жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтүнөн кийинкиге калтырылган тестирлөө (22-июнь – тест борборлорун даярдоо күнү).

Каттого жетишпей калган абитуриенттер үчүн 19, 22-май жана 22-июнь күндөрү тест борборлорунда кошумча каттоо жүргүзүлөт.

Related posts

Өзбекстан жараны  Кыргызстанга аткезчилик жол менен күрүчтүн партиясын алып келген

admin

Түркиядагы жер титирөөдөн кеминде 53 адам набыт болду 

admin

Садыр Жапаров иш сапары менен Татарстанга жөнөп кетти

admin

Комментарий