Жамгыр жаап, үшүк жүрөт — 24-сентябрга аба ырайынын божомолу

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 24-сентябрга караган түнү Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, айрым жерлерде Таласта, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу аймактарында жамгыр, күн күркүрөө, бийик тоолордо кар жаайт. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын күчтүү болот. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жамгыр, күн күркүрөө, бийик тоолордо кар, калгандарында негизинен жаан-чачынсыз.

Шамал батыштан 4–9 м/с, айрым жерлерде түнкүсүн жана күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында 15–20 м/с чейин күчөйт.

Абанын температурасы:

  • Чүй облусу: түнкүсүн +6…+11°, күндүз +21…+26°
  • Талас облусу: түнкүсүн +6…+11°, күндүз +18…+23°
  • Баткен облусу: түнкүсүн +9…+14°, күндүз +24…+29°
  • Ош, Жалал-Абад облустары: түнкүсүн +9…+14°, күндүз +24…+29°
  • Ысык-Көл облусу: түнкүсүн +2…+7° (үшүк 0…–2°), күндүз +15…+20°
  • Нарын облусу: түнкүсүн +2…+7° (үшүк 0…–2°), күндүз +17…+22°

Бишкек: түнкүсүн жамгыр, күн күркүрөө, күндүз жаан-чачынсыз. Шамал батыштан 4–9 м/с, түнкүсүн 14 м/с чейин күчөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11°, күндүз +24…+26°.

Related posts

Үзүр Жусупбеков Польшада өтүп жаткан рейтингдик турниринде коло байгеге ээ болду

admin

Бишкек – Ош унаа жолуна түшкөн таштар тазаланып, жол ачылды

admin

УКМК «Дөө Чыңгыз» каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады

admin

Комментарий