Жанар Акаев: «Бишкек мурда орусташкан болчу, азыр кыргызча сүйлөө модага айланды»

«Азыр кыргыз тилинде сүйлөгөн модага айланды». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

«Бишкек шаарына көчүп келгениме 14 жыл болду. Ошол учурда шаар абдан орусташкан болчу. Көп жерлерле орусча сүйлөнчү. Азыр кыргыз тилинде сүйлөгөн модага айланды. Жаштар да, улуу муун да борбордо кыргыз тилинде сүйлөп жатышат. Бул жагынан артка кеткен жокпуз. Кыргыз тилинде сүйлөгөндөргө талап болуп жатканын байкап жатабыз», — деди ал.

Related posts

11-апрелге карата аба ырайы жылуу жана жаан-чачын күтүлбөйт

admin

«Баасы 3 миң евро». Balenciaga скотч түрүндөгү билерикти көрсөттү

admin

Ошто 31 жаштагы келин менен 3 баланын жансыз денелери табылды

admin

Комментарий