«Азыр кыргыз тилинде сүйлөгөн модага айланды». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.
«Бишкек шаарына көчүп келгениме 14 жыл болду. Ошол учурда шаар абдан орусташкан болчу. Көп жерлерле орусча сүйлөнчү. Азыр кыргыз тилинде сүйлөгөн модага айланды. Жаштар да, улуу муун да борбордо кыргыз тилинде сүйлөп жатышат. Бул жагынан артка кеткен жокпуз. Кыргыз тилинде сүйлөгөндөргө талап болуп жатканын байкап жатабыз», — деди ал.