Курманбек Бакиевди алып келүүгө кызыкдар эмесмин. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине курган маегинде айткан.
Президент Кой-Таш окуясы боюнча соттун өкүмүнө комментарий берип жатып «чечим Бакиевди Кыргызстанга алып келүү үчүн соодалашууга пайдаланат» деп айткан Атамбаевдин уулунун сөзүнө жооп кайтарган.
«Бакиевди алып келүүгө, чынымды айтсам, мен кызыкдар эмесмин. Тескерисинче, өздөрү кызыкдар болушу керек эле. 2010-жылдан бери «Бакиевди алып келели десек Беларусь тарап бербей жатат» деп элди алдап келишпеди беле. Ушул калптары элге ачыкталып калды», — деди Жапаров.
Президент Беларусь тарап ачык сот болсо Бакиевдерди кайтарууга макул болгонун айтып, ага өздөрү (Убактылуу өкмөт) каршы чыгып жатканын айткан.
«Соттун ачык болуусуна эч кимиси кызыкдар эмес. Эски жараны чукубай эле койбойсуңарбы деп жатышат. Ошондуктан Бакиевди алып келүү үчүн соодалашат деген сөз — жаш баланын сөзү. Алла күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай мен Бакиевге милдеттүү же карыз эмесмин. Мага эң негизгиси өлкөбүздө стабилдүүлүк болуп турса болду. Чындап эле эски жараны чукубай эле коелучу деп ойлодум», — деген өлкө башчы.
Ошол эле учурда өлкө башчы ачык сот болсо кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу кыйын болорун кошумчалаган.