Жапаров: Кыргызстан сууну майнаптуу пайдалануу боюнча маселеге өзгөчө маани берет

Кыргызстан суу ресурстары тармагында кызматташууну региондун бардык өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарына жооп берген, адилеттүү, акылга сыярлык жана тең укуктуу негизде ишке ашыруунун маанилүүлүгүн жактайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Казакстанда эл аралык Астана форумунда сүйлөп жатканда айтты.

Жапаров суу ресурстары тууралуу сүйлөп жатып, Кыргызстан аны майнаптуу пайдалануу боюнча маселеге өзгөчө маани берерин белгилеген.
«Кыргызстандын суу ресурстары түзүлгөн зонада жайгашкандыгы, ошондой эле коңшу өлкөлөр пайдаланган жагдай биздин бүткүл регион алдындагы чоң жоопкерчилигибизди шарттагандыгын өзгөчө белгилеп кетким келет Кыргызстан бул тармакта кызматташууну региондун бардык өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарына жооп берген, адилеттүү, акылга сыярлык жана тең укуктуу негизде ишке ашыруунун маанилүүлүгүн жактайт», — деген ал.

Кыргызстандын аймагынын төрт пайыздан ашыгын мөңгүлөр жана кар баскан тоолор ээлейт. Мөңгүлөрдө сакталган суунун жалпы кору 650 чакырым куб деп бааланып, Борбордук Азиянын суу ресурсунун 38 пайызга жакынын түзөт. Кыргызстан жалпы суу ресурстарынын 20-25 пайызын пайдаланат. Бул агымдын негизги көлөмү (93 пайызга жакыны) айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу үчүн колдонулат.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров Астана эл аралык форумуна катышат.

Related posts

Кар жаайт. 7-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Бүгүн троллейбустар саат 11:00гө чейин каттамга чыгышпайт

admin

Жеңил атлетика боюнча спортчулар Олимпиадага лицензия алышты

admin

Комментарий