Жарандарды опузалап акча талап кылгандыгы үчүн блогер Батма Жолдубаева кармалды

УКМК тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ж.Б.Т. аттуу блогер кармалды. Ьул тууралуу аталган мекмеден билдиришти.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын жыйынтыгы менен 2024-жылдын январь айында интернет тармагында блогер аталган Ж.Б.Т., Жалал-Абад шаарындагы коомдук тамактануу жайларынын бирине барып, ал жер санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербегендиги үчүн видеого тарткандыгы аныкталган. Андан кийин материалдык пайда алуу максатында, Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, Жалал-Абад шаарындагы коомдук тамактануу жайларын тейлеген кызматкери тууралуу маалымат чогултуп, мурда тартылган видео тасманы өзүнүн «Facebook» социалдык баракчасына жарыялап, талапка жооп бербеген аталган коомдук жайды мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн кызматкери “калкалап” жатат деген таризде шилтеме калтырган.


Андан соң Ж.Б.Т. интернетке жүктөлгөн материалды алып өчүрүп салуу үчүн, Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинин кызматкеринен 25 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.
Үстүбүздөгү жылдын 6- февралында Ж.Б.Т. КР УКМКнын кызматкерлери тарабынан 25 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.
Белгилей кетсек, буга чейин Ж.Б.Т.нын ушундай эле иш-аракетинин айынан, интернетке терс материал жарыялагандыгы үчүн, “Акипресс” маалымат агенттигинин Баткен облустук өкүлчүлүгүнүн журналисти каза болгон.


Учурда Ж.Б.Т. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Related posts

 Бишкекте чет элдик лидерлердин катышуусунда эл аралык иш-чаралар өтөт 

admin

Жогорку Кеңеш акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотууга макулдук берди 

admin

Министр: «Уруксатсыз иштеген менчик стоматологиялык клиникалардын ишин токтотуу керек»

admin

Комментарий