Жарасул Абдураимов «Кыргыз Республикасынын Өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер» мамлекеттик сыйлыгы менен сыйланды

2023-жылдын 28-декабрында «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомунун президенти Жарасул Абдураимов «Кыргыз Республикасынын Өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер» сыйлыгы менен сыйланды. Мамлекеттик сыйлык бүгүн «Ала -Арча» мамлекеттик резиденциясында өлкөнүн ар кыл тармактын өкүлдөрүнө өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземинде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан ыйгыралды.
Сыйлык ээлерин куттуктап жатып Президент Садыр Жапаров, узап бараткан жылда өлкөдө бир топ ийгиликтер жаралганын, ошол жетишкендиктерге, сыйлык ээлеринин бараандуу салымы бар экендигин баса белгиледи.


««Эл ичи – өнөр кенчи» деп айтылган накыл кептегидей, эл арасынан эмне деген гана таланттуу адамдар чыкпайт. Аларды байкабай коюуга, же жараткан эмгегин баалабай коюуга мүмкүн эмес. Бүгүнкү иш-чарада олтурган жарандарыбыз, дал ошондой көптүн ичинен суурулуп, эмгеги менен элге таанылып, тигил же бул тармактын ишин алга жылдырып, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкон инсандар экенине эч шегим жок. Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктарга арзып отурган бүгүнкү сыйлык ээлерин чын жүрөктөн куттуктаймын!»,- деди өз сөзундө мамлекет башчысы.

Эскерте кетсек, «Кыргызиндустрия» ААКсы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №341 токтому менен уставдык капиталына мамлекеттин 100% катышуусу менен түзүлгөн.
Кыска мөөнөттүн ичинде «Кыргызиндустрия» ААК тарабынан 20 долбоор иштелип чыгып, анын 16сы республикада ийгиликтүү иштеп жатат.

Related posts

Окуучулардын күзгү каникулу 6-ноябрда башталат

admin

«Жогорку кызмат адамдарына кызмат көрсөтүшкөн». Элиталык сойкулардын «апасы» кармалды

admin

Бишкекте сыйлуу конокторду тосуп алган сулуулар бул сапар кандай кийиништи?

admin

Комментарий