Жашы жете элек кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн милиция кызматкерлери кармалды

УКМК Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарындагы  коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча уланып жаткан иш-аракеттердин алкагында, Ош облусунун Өзгөн райондук ИИБнин айрым кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринин фактыларын аныктады, деп билдирет атайын кызматтан.

Маалыматка ылайык, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн улук участкалык милиция кызматкери, милициянын капитаны З.у.А. жашы жете электер боюнча инспекторлор Н.А.Н. жана А.у.А. менен алдын ала сүйлөшүлгөн схема боюнча 2008-жылы туулган жашы жете элек Т.А.У.ну айрым жарандар менен жыныстык катнашка барууга азгыруу жолу менен акча талап кылуу боюнча кылмыштуу схеманы уюштурганы аныкталган.

 Тактап айтканда, милиция кызматкерлери жашы жете элек кызды  бардар эркектерге алып барып, андан соң жасалма кармоо жүргүзүшүп, материалдык пайда табуу максатында психологиялык басым көрсөтүү жана шантаж кылуу аракеттерин жасашкан.

 Бул фактынын негизинде, КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын Тергөө башкармалыгы кылмыш ишин козгоп, анын алкагында ушул жылдын 4-февралында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн жогоруда аталган кызматкерлери кармалып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

 Мындан тышкары, тергөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө кызматкерлер мыйзамсыз иш-аракеттерин моюнга алышкан көрсөтмөлөрү алынган жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын ИИБнин тиешелүү кызматкерлери жана башка жарандар тарабынан уюштурулган башка да «атайылап уюштурулган» фактылары болгондугу аныкталган.

Кармалган кызматкерлердин арасында жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлордун да болгондугу өзгөчө тынчсызданууну жаратат, алардын кызматтык мүнөздөмөсү боюнча кылмыштуулуктун алдын алуу, балдардын укуктарын коргоо жана тарбиялык иштер менен алектенүү талап кылынат.

Учурда кылмыш ишин тергөөнүн алкагында бул “погончон мыйзам бузган кызматкерлердин” мыйзамсыз аракеттерин ар тараптуу документтештирүүгө багытталган зарыл чаралар көрүлүүдө.

Related posts

КР УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтордун кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз тартып алуу фактысы аныкталды

admin

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Абрахматованын компетенциясын карап чыгууну өтүнүп, билдирүү жасады 

admin

Акылбек Жапаров Токтогул ГЭСине барды 

admin

Комментарий