Жеңил атлетика боюнча спортчулар Олимпиадага лицензия алышты

Жеңил атлетика боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Илья Тяпкин жана Сардана Трофимова Парижде өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомо алышты. Бул тууралуу 12-май күнү World Athletics Дүйнөлүк жеңил атлетика федерациясынын сайтында жарыяланды.

Ушуну менен Кыргызстандын куржунунда 13 лицензия болду. Анын ичинде 10 спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча, сууда сүзүү боюнча — 1, жеңил атлетика боюнча — 2.

Related posts

5-январга карата аба ырайы

admin

ӨКМ: Өлкө аймагында сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда

admin

31-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий