Жеңишке элимдин колдоосу менен жеттим. Акжол Махмудовдун маеги (видео)

«Тарыхты мен жалгыз жараткан жокмун. Агайларымдын,
башкысы кыргыз элимдин колдоосу менен жеңишке жетип отурам»,- деди грек –рим күрөшү
боюнча дүйнө чемпиону аталган кыргызстандык балбан Акжол Махмудов КТРК Спорт
телеканалына берген маегинде.

Анын айтымында, бул жеңиш ал үчүн  чон сыймык жана бул мүнөттөгү сезимдер аны менен
өмүр бою калат.

Эскерте кетсек, кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Сербиядагы грек-рим
күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту.

Махмудов 77 кг салмакта мелдештин тандоо турунан, башкача айтканда, 1/16
финалынан баштап катышты. Ал финалга чейин бразилиялык балбанды 11:1,
мексикалык спортчуну 8:0, түркиялык спортчуну 9:7 жана кореялык балбанды 4:1
эсебинде жеңген.

Белгилей кетсек, грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдеш
10-18-сентябрда Белград шаарында өтүп жатат.

Related posts

28-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Видео. Кичинекей бишкектиктер кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттукташты 

admin

Садыр Жапаров кайрылуу жасады (видео)

admin

Комментарий