Жеке ишкер Исманали Жороев Лейлек районунда жана Сүлүктү шаарында кайрымдуулук иш-чараларын өткөрдү

Жеке ишкер, коомдук ишмер “Илек строй» компаниясынын жетекчиси Исманали Жороев жана Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Канымет Осмонбеков Рамазан айынын урматына  25-март күнү Лейлек районундагы аз камсыз болгон, мүмкүнчүлүгү чектелген 200 үй-бүлөгө кайрымдуулук иш-чарасын уюштуруп, атайын даярдалган азык-түлүк баштыктары таратылды.

Кайрымдуулук иш-чарасы Сүлүктү шаарында уланып, жеке ишкер Исманали Жороев «Сүлүктү Тазалык» ишканасынын кызматкерлерине  азык-түлүк баштыктарын таратты. Иш-чарага Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров дагы катышып, кайрымдуулук кылган инсандарга ыраазычылык билдирди.

Related posts

Бишкектин четинде аскердик тик учак кулап түшкөнү айтылды

admin

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт 

admin

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарына лицензия утту

admin

Комментарий