Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик эскертет: Ар бир адамдын купуялыгын камсыз болуусу керек

Акыркы убакта биз Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарын колдонуу менен байланышкан укук бузуулар жана алдамчылык фактыларынын тездик менен көбөйүшүнө туш болуп жатабыз. Бул ар бирибизге тиешелүү жана олуттуу көйгөй. Тилекке каршы, жеке маалыматтарыбыз биздин макулдугубузсуз жана көзөмөлүбүзсүз колдонулган жагдайларга көп туш болобуз. Бул биздин купуялыгыбызды бузуу гана эмес, ошондой эле биздин коопсуздугубузга жана каржыбызга коркунуч келтириши мүмкүн.

Маалыматтардын сыртка чыгып, агып кетишинин же жарандардын жеке маалыматтарына уруксатсыз кирүүнүн ар бир жаңы учуру бизге маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу канчалык маанилүү экенин эскертет. Жеке компанияларда да, мамлекеттик органдарда да маалыматтарды көзөмөлдөөнүн жоктугу барган сайын айкын болуп баратат жана чукул чараларды көрүүнү талап кылат.

Биз бул көйгөйдү көз жаздымда калтыра албайбыз. Биз жеке маалыматыбызга абийирдүү мамиле кылып, компаниялардан жана мамлекеттик органдардан маалыматтык коопсуздукту жана көзөмөлдү күчөтүшүбүз керек.

Өзүңүздү жана сиздин маалыматтарыңызды коргоо үчүн Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик төмөнкүлөрдү сунуштайт:

  • Каттоо эсебиңиз үчүн күчтүү сыр сөздөрдү колдонууну жана аларды дайыма алмаштырып турууну унутпаңыз.
  • Мүмкүн болсо, онлайн аккаунттарыңыз үчүн эки факторлуу аутентификацияны (2FA) иштетиңиз. Бул коопсуздуктун кошумча катмарын кошот.
  • Интернетте баарлашууда этият болуңуз жана жеке маалыматтарга текшерилбеген булактарга ишенбеңиз.
  • Социалдык тармактарда жана башка онлайн кызматтарда купуялык жөндөөлөрүңүздү кылдат текшериңиз.
  • Түзмөктөрүңүзгө лицензияланган антивирустук программаны орнотуп, аны дайыма жаңыртып туруңуз.

Эгерде сиз алдамчылыктын курмандыгы болуп калсаңыз же маалымат сыртка чыгып кетсе, дароо укук коргоо органдарына кайрылып, окуя тууралуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке билдириңиз.

Ар бир адамдын купуялыгын камсыз кылуу үчүн колубуздан келгендин баарын аракет кылуубуз шарт!

Related posts

Төрага Нурланбек Шакиев коомдук ишмер Жеңишбек Бекболотовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты

admin

Бишкекте келин жолдошу сабаганын айткан. Шектүү кармалды

admin

Айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт — 6-майга карата аба ырайы

admin

Комментарий