Жети-Өгүздө тургун өз колу менен отун керткич жасады (видео)

Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылынынын тургуну Болотбек Абдыкеримов мындан 6 жыл мурун ар кандай көлөмдөгү чырпыктарды тез таарый турган аппарат ойлоп таап, ишке киргизген. Анын бул аппаратты ойлоп табуусуна бак-дарактардын ичке кыйындыларын балта менен кертүү көп убакытты жана күчтү талап кылган. Андан арылуу максатында дал ушул аппаратты ойлоп тааап ишке киргизген. Эми ар кандай көлөмдөгү бутактарды отунга кертүүдө эч кыйынчылык жаралбай тургандыгын айтты.

Көпчүлүк жарандар буга чейин бак-дарактарды кыйып, чоңун алып, майдасын кертүүдөн ээригип, туш келди жерлерге, жол жээктерине таштап кетишчү. Эми бул аппараттын жардамы менен бак-дарактардын кыйылган бутактарын тез арада отунга ылайыкташтырып кертип алууга мүмкүнчүлүк жаралууда.

https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=1551166955723554&id=100024907939941&ref=embed_post

Related posts

Жогорку Кеңеш ЖМК менен интернетте жалаа жапкандарга айып салууну кабыл алды

admin

Бишкекте курсанттар жол кырсыгына кабылышкан. Окуя боюнча кылмыш иши козголду

admin

Орусияда кыргызстандык жаран жеке ишкер менен анын кызын өлтүрүүгө шектелип жаткан. Сот чечим чыгарды

admin

Комментарий