Каржы маселесинен жана жабдуу менен камсыздоодогу кыйынчылыктардан улам Европа үчүн Украинага жамааттык күч топтоо кыйла оор болот. Бул тууралуу британиялык The Times гезити өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен жазганын РИА Новости кабарлады.
«Европа үчүн Украинага 25 миң аскер кызматкерин чогултуу оңойго турбайт, анткени өзүнүн армиясы жетишерлик деңгээлде жабдылбай, акча жагынан да каржалып турат», — деп айтылат макалада.
Басылманын маалыматында Улуу Британиянын Куралдуу күчтөрүнүн штабынын жетекчиси адмирал Тони Радакин европалык кесиптештеринен эгер каршылашкан тараптар эпке келе турган болсо, Украинага 64 миң аскер даярдай алар-албасына кызыкканы белгиленет. Гезиттин маектештеринин биринин айтымында, Европа мамлекеттеринин коргоо министрлери мынча аскер күчүн топтоого чама-чаркы келбей турганын билдиришкен.
«64 миң киши чогулта албастыгыбыз алсыздык катары көрүнбөйт, бул алсыздыктын нак өзү», — деген Литванын коргоо министри Довиле Шакалене.
Буга чейин Telegraph басылмасы падышалыктын коргоо министри Жон Хилдин катына таянып, эгер Украинага «каалоочулар коалициясынын тынчтык орнотуучулары» Украинага жайгаша турган болсо, Улуу Британиянын армиясы согуштук аракеттерге катышпай, Украина жоокерлерин окутуу менен гана алек болорун жазган.
Эскерте кетсек, Франция президенти Эммануэль Макрон 27-мартта «каалоочулар коалициясынын» Париж саммитинде бирикменин бир катар өкүлдөрү Украинага аскер күчүн жөнөтүүнү пландап жатканын билдирген. Өлкө башчы бул тынчтык орнотуучу эмес, Россияны «ооздуктоочу» күч болорун, алар украиналыктар менен кеңешип-кесилген стратегиялык аймактарда жайгашарын белгилеген. Макрон аталган сунушка коалициянын бардык эле мүчөлөрү макул эместигин айтып, анткен менен демилгени ишке ашыруу үчүн анын зарылдыгы жок экенин кошумчалаган эле.
Россиянын Тышкы чалгын кызматынын маалымат бюросу 2024-жылы Батыш Украинанын согушка жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн өлкөгө 100 миң кишиден турган тынчтык орнотуучу күчтөрүн жайгаштырарын кабарлаган. Кызматтын айтымында, бул дээрлик Украинанын оккупацияланганын түшүндүрмөк. Ал эми РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков тынчтык орнотуучу күчтөр каршылашкан эки тараптын тең макулдугу менен гана жайгаштырыларын белгилеген болчу.