Жогорку Кеңеште административдик-аймактык реформага байланышкан мыйзам долбоорлору биринчи окууда кабыл алынды

13-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында президент тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», «Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралды.

Аталган маселелер боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баяндама жасады.

Акылбек Жапаров белгилегендей, административдик-аймактык реформанын алкагында айыл аймактардын саны 452ден 235ге чейин кыскарды. «Эки облустук деңгээлдеги Кара-Балта жана Кант шаарлары пайда болду. Административдик-аймактык реформага чейин 10 287 штаттык бирдик болсо, реформадан кийин 6 398 штаттык бирдик калды», — деген Министрлер кабинетинин төрагасы штатты каржылоого кеткен чыгым 4,8 миллиард сомдон 3 миллиард сомго чейин кыскарганын кошумчалады.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев өлкөнүн ири шаарларынын башкы пландарын жана башка шаар куруу документтерин даярдоо маселелерин тактаса, эл өкүлү Бактыбек Чойбеков административдик-аймактык реформанын алкагында кийинки этаптарды ишке ашыруу маселелерине токтолду.

Андан тышкары, депутат Исхак Масалиев жалпы административдик-аймактык реформа активдүү жүргүзүлүп жаткандыгын айтып, каралып жаткан мыйзам долбоорлору кечигип киргизилгенин сындады. Эл өкүлү Медербек Алиев аймактарда кылмыштуулукка каршы болуп көрбөгөндөй күрөш жүрүп, жарандардын укуктук аң-сезими жогорулаганын айтты. Депутаттар Нуржигит Кадырбеков, Улугбек Ормонов ар бир айылда бирден айыл башчы болуш керек деген сунушту киргизишти. Депутат Жалолидин Нурбаев да бул кызматка жогорку билимдүү, тажрыйбалуу талапкерлерди дайындоо керектигин кошумчалады.

Эл өкүлү Чыңгыз Айдарбеков административдик-аймактык реформаны жүргүзүү менен бирге бириктирилип жаткан калктуу конуштардын учурдагы чарбалык маселелерин да эстен чыгарбаш керек деген пикирин билдирди.

Депутат Гуля Кожокулова жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо маселеси тууралуу сөз кылып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдын жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктарын токтотуу шарттары белгиленген жоболоруна токтолду. Депутат Алишер Эрбаев Ала-Букадагы, Чаткалдагы реформага көңүл бурса, эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева айрым калктуу конуштардагы санитардык зоналарынын абалына кызыкты.

Депутат Эльдар Абакиров өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү үчүн шаарларды жана айылдарды ирилештирүү боюнча чараларды колдоп, муну менен катар учурда Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу маселелерин ортого салды. Ал эми депутат Акбөкөн Таштанбеков Кант шаарындагы эмен паркынын бир бөлүгүн жеке жактарга өтүп кеткени тууралуу сөз кылып, мэрияны сейил бакты шаардыктарга кайтарып берүүгө чакырды.

Депутат Миргүл Темирбаева «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык, Баткен облусунун Баткен, Лейлек райондорунда, Баткен жана Сүлүктү шаарларында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо аяктаганга чейин токтотулуп турсун деген пунктуна көңүл буруп, бирок буга карабастан 2024-жылдын 7-февралындагы Министрлер кабинетинин токтомунун негизинде 2024-жылдын 1-апрелинде Лейлек районунда 98 муниципалдык кызматкерлер жана 3 жергиликтүү кеңештердин кызматкерлери жумуштан кетирилгенин белгилеп, бул чечимдин мыйзамдуулугу тууралуу суроолорду узатты.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, биринчи окууда кабыл алынды.

Related posts

Беловодское айылындагы мектеп-интернатта чыккан чуу. Милиция маалымат берди

admin

Садыр Жапаров: Эң башкы байлыгыбыз – эгемен мамлекетибиз, эгемен элибиз. Мындан өткөн байлык да, бакыт да жок!

admin

КР УКМК: Кийим-кече базарынын ишин мыйзамсыз уюштуруп, контейнерлердин ээлеринен акча каражатын чогултуп жүргөн Ноокен районунун тургуну кармалды

admin

Комментарий