Жогорку Кеңештин спикери: АКШ кыргызстандыктарга виза берүүнү жеңилдетиши мүмкүн

АКШнын университеттеринде окуган студенттер жыл сайын бир эле көйгөйгө туш болуп жатышат. Алар визасын узартуу үчүн Кыргызстанга келүүгө аргасыз болуп жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүн Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, студенттик виза бир жылга гана берилет. «Бир жылдан кийин АКШнын университеттеринде окуган студенттер үйлөрүнө кайтышат. Бул ар бир үй бүлө үчүн кошумча чыгым жана ыңгайсыздык», — деди ал.

Парламент спикери Нурланбек Шакиев АКШнын бийлиги менен кыргызстандыктарга виза берүү процедурасын жеңилдетүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдады.

«Жакынкы айларда маселе оң жыйынтыкка ээ болот деп үмүттөнөбүз. АКШ виза берүүнү жеңилдетип, алардын мөөнөтүн 5-10 жылга узартышы мүмкүн», — деди ал.

Эске салсак, буга чейин Кемпир-Абад ишинин катышуучулары АКШ, Германия, Франция, Евробиримдиктин, Еврокомиссиянын жана Европарламенттин Кыргызстанда аккредитацияланган элчилерине кайрылып, өлкөнүн айрым жогорку даражалуу чиновниктерине жеке санкция киргизип, аларга виза бербөөнү өтүнүшкөн.

Related posts

Жалпы республикалык тестирлөө 20-майда башталат 

admin

Кыргызстандык бильярдчы эл аралык мелдеште 2-орунга ээ болду

admin

Баткен, Ош облустарында түнү жана таңга жуук жер титиреди

admin

Комментарий