Жогорку кызматтагыларга кызмат көрсөткөн элиталык сойкулардын башчысына сот чечими чыкты

Октябрь райондук соту элиталык интимдик кызмат көрсөткөн интернет-группалардын администраторун күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу маалымат агенттигине аталган соттон билдиришти.

Райондук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, ал Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин 1-бөлүгүндө (Сойкулукка жана бузукулукка үгүттөө) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды. Ал 100 миң сом айыпка жыгылган. Анын баш коргоо чарасы эч жакка кетпөө тил катына алмаштырылган. 

Аталган жаран УКМК тарабынан кармалган. Ал 18 жаштан 25 жашка чейинки жаш кыздардан, ошондой эле Instagram жана Tik Tok социалдык тармактарында абдан популярдуу болгон белгилүү адамдардан жана блогерлерден турган интернет-группалар тармагын уюштурган деп шектелген. Андагы эскорт кызматтарынын баасы 1000ден 10 миң долларга чейин бааланып турган. Ошондой эле, ал кыздардын Дубай аймагына жана коңшу республикаларга интимдик кызмат көрсөтүү үчүн баруусун уюштурган.

Related posts

УКМК айрым микрокредиттик уюмдардын иши текшерилерин билдирди

admin

Башкы прокуратуранын жанынан бир киши өзүн өрттөөгө аракет кылган. Себеби

admin

УКМК: “Саяк” жана “Мики Чор” каймана аттуу УКТнын активдүү мүчөлөрү кармалды 

admin

Комментарий