«Жыл аягына чейин 12 объект ишке берилгени жатат». Ташиев АФК президентин кабыл алды

 22-октябрда Кыргызстандын футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Кыргызстанга иш сапары менен келген Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти шейх Салман бин Ибрагим аль-Халифа менен жолугушуп, Кыргызстанда футболду өнүктүрүү маселесин талкуулашты.

Кириш сөзүндө КФБнын башчысы өлкө жарандардын ден соолугун чыңдоодо футбол чоң мааниге ээ экениндигин баса белгиледи. Ал ошондой эле АФК менен КФБнын ортосунда мындан ары да ийгиликтүү кызматташуу уланаарына ишенинээрин билдирди. КФБнын президенти белгилегендей, быйыл КФБ өлкөдө футболду өнүктүрүү үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган 18 жаңы долбоорду ишке киргизди. Анын ичинде ар кайсы аймактарда иштеп жаткан стадиондорду реконструкциялоо жана жаңы спорттук имараттарды куруу кирет. Ошондой эле, жыл аягына чейин 12 объект ишке берилээри күтүлүүдө.

«Жогоруда айтылган бардык жетишкендиктер КФБ өлкөдө футболду өнүктүрүү боюнча жигердүү иштеп жатканын жана жакынкы келечекке амбициялуу максаттарды коюп жатканыбызды айгинелейт», — деп белгиледи КФБнын президенти.

«Кыргызстандын курама командасы 2027-жылкы Азия Кубогуна мөөнөтүнөн мурда жолдомо утуп алганы тарыхый жетишкендик болду. Кошумчалай кетсек, улуттук курама биринчи жолу 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын 3-квалификациялык баскычка чыгып, күчтүү атаандаштар менен күрөшүп жатат», — деп АФК президенти Кыргызстандын Улуттук курамасынын акыркы жетишкендиктерин белгиледи. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун башка маселелери да талкууланды. Соңунда тараптар эстелик белектери менен алмашышты.

Related posts

Манас шаарында үйүндө «черный ломбард» уюштурган аял кармалды

admin

Садыр Жапаров Ташиевге кайсы эмгеги үчүн жогорку мамлекеттик наам берилгендигин түшүндүрдү

admin

УКМК Райымбек Матраимовдун Азербайжандын борбору Бакуда экенин билдиришти

admin

Комментарий