Жыргалаң суусуна түшүп кеткен экинчи кыздын да сөөгү табылды

28-май күнү саат 11:30да Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 7 жаштагы К.М. аттуу кыздын сөөгү көлдүн Дача тилкесинин жээгинен 500 метр алыс жерден ӨКМдин куткаруучулары тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп берилди.

Буга чейин 6 жаштагы Т.С. аттуу кыздын сөөгү суудан 25-май күнү жергиликтүү тургундар тарабынан табылган.

18-май күнү Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айылындагы дачаны бойлоп өткөн Жыргалаң суусуна 6 жаштагы Т.С. жана 7 жаштагы К.М. аттуу эки кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп жеринде издөө иштери жүрүп жаткан.

Related posts

What You May Have Missed at the Alley 33 Fashion Event

admin

Токмоктогу «Радиозавод» мамлекетке кайтарылды

admin

Ташиев: «Элиталык» сойкуларды депутаттар, бизнесмендер колдонушат»

admin

Комментарий