Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” курулат: Инвесторлор үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк

2025-жылдын 3-4-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылында чоң туристтик долбоор – “Ала-Тоо Резорт” курорттук комплексинин курулушу үчүн инвесторлор чакырылууда. Бул тууралуу аталган мамлекеттик ишкана расмий түрдө билдирди.

Курорт жылдын төрт мезгилинде тең иш алып барууга ылайыкталган жана Борбор Азиядагы эң ири туристтик хабдардын бири болору күтүлүүдө. Инвесторлор Жыргалаң тоосундагы курула турган курорттук шаарчанын аймагы менен жеринде таанышып, аукционго коюлган жер тилкелерин өз көзү менен көрө алышат.

Иш-чаранын алкагында атайын адистер тарабынан долбоор тууралуу кеңири маалымат берилип, суроолорго жооптор берилет.

Инвесторлор үчүн байланыш номерлери:

📞 0558 00 80 70

📞 0554 48 26 76

Related posts

Акылбек Жапаров: «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу 6 миллиард долларга бааланууда»

admin

Таксиге түшүп, «ыдык көрсөттү» деп «концерт койгон» аялга кандай жаза берилди?

admin

Бишкек ЖЭБде чыккан өрт боюнча маалымат беришти

admin

Комментарий