ӨКМ кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына таянсак, 2-5-май күндөрү күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Каракол–Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон–Ак–Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымдарында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

ӨКМ айдоочуларга унаага дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, дары-дармек топтомун жана гүлазык, ысык суу камдап алуу керектигин эскертет. Ошондой эле зарылдыгы болбосо алыскы жолго чыгууну башка күндөргө жылдырууну сунуштайт.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы сакталышы керек.

Related posts

«Ая, айыгып кет». «Город 312» тобунун жаңы ырчысы сахнада ага арнап ырдады

admin

Кар жаайт. 22-декабрга карата өлкөдөгү аба ырайы

admin

Балбан Акжол Махмудов: «Тарыхты бир гана окубайт, аны жаратып, жазышат»

admin

Комментарий